Кадамжайда салттуу ислам баалуулуктары боюнча жыйын өткөрүлдү

Баткен облусунун Кадамжай районунда Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай районундагы жалпы имамдарга “Салттуу ислам баалуулуктары” темасында Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин токтомдорун, Азирети Муфтийдин  буйруктарын, КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын алкагында түшүндүрүү-профилактикалык иш-чарасы болуп өттү.

Жыйынга Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров, Кадамжай районунун акими Болоткан Баяке уулу, Баткен облусунун казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов, казыят адистери, Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатибдери катышты.

Иш-чарада адистер учурдагы диний абалга токтолуп, экстремизм жана тероризмге каршы күрөшүү, коомчулукту руханий жактан тарбиялоо, динди жамынган туура эмес агымдарга бөгөт коюу жана ага каршы турууда салттуу ислам баалулуктарынын өзгөчө ордун белгилешти.

Ошондой эле ислам динин жеткирүүдө ханафи мазхабы жана матуриди акыйдасы туура жол экени, ошол себептүү жергиликтүү жамааттын намаз окуу тартиптеринде да ханафи мазхабына эргешип ибаадат кылуу зарылдыгы, ар түрдүү багыттарга азгырылбай, динди бурмалабай, ишеничтүү расмий тараптардан маалымат, билим алуу керектиги айтылды.

Казынын орун басары Муса ажы Жолдошов ислам дини Мекенди сүйүүгө чакырарын, ошондуктан Диний окуу жайларда Мекенди сүйүү, Ата-Мекен тарыхы окутулушу зарыл экендигин айтты. Ошондой эле улуттук нарк, адеп-ахлак, терс агымдардан оолак болуу тууралуу сабактар өтүлүшү керектигин айтты.

Муну менен катар дин кызматкерлеринин бирдиктүү формасы жана бирдиктүү жума баяндамасы, мечиттерди мамлекеттик эсептик каттоодон өткөрүүнү жандантуу темалары талкууланды.

Жыйын соңунда облус казысы шаар-райондун баш имам-хатибдерине Баткен облусунун аймагына Сирия же башка мамлекеттерден кайтып келген жарандарды реабилитациялоо процессинде дин аалымдары тарабынан лекциялар өткөрүп туруу тапшырмасын берди.