Оштогу сел: Казакстандын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировго көңүл айтты

Казакстандын Азирети Муфтийи Ноорузбай ажы Таган уулу сел кырсыгына байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировго көңүл айтты. Боордош өлкөнүн КМДБ жетекчиси кыяндан жабыр тарткан Ош шаары жана Оштогу айрым аймактар үчүн дуба кылып, сел кесепеттери тез арада жоюлушун тиледи:

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын ысымы менен баштайм.

Ардактуу Абдулазиз Азирет!

Кыргыз жеринде катталган сел кырсыгына байланыштуу жеке өзүмдүн жана Казакстан мусулмандарынын атынан көңүл айтамын.

Ош ооданынын тургундары, жалпы эле кыргыз боордошторубузга Алла Тааладан жардам сурайбыз. Быйылкы жыл бир тууган кыргыз-казак эли үчүн оңой болгон жок. Биздин элибизде да суу ташкыны болгон учурда казак эли үчүн дуба кылып, гуманитардык көмөк көрсөттүңүздөр. Жаратуучу Эгебиз боорукер ниеттериңизден ыраазы болсун.

Биз да өз кезегинде кыргыз боордошторубуз үчүн дуба кылып, сел кесепети тез арада жоюлсун деп тилейбиз. Раббибиз кеткенди келтирип, кемтикти толтуруп, жабыр тарткан коомго көркөм сабыр берсин. Сел апаатынан кайтыш болгон тургундарды Алла Таала өз мээримине алсын. Кыргыз элине Жараткан Өзү коргоочу болсун. Оомийн!

Изги ниет менен,

Төрага, Баш муфтий Ноорузбай ажы Таган уулу.