Муфтияттын айрым кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды

Бүгүн, 19-июль күнү КМДБнын конференция залында муфтияттын айрым кызматкерлерине сыйлык тапшыруу аземи өттү. КР ДИМКнын директорунун орун басары Азамат Юсупов сыйлыктарды тапшырып жатып буларга токтолду.

«Быйылкы жылы ажылыкты уюштуруу боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн катарында болдук. Айрым критерийлер боюнча алдыңкы үчтүккө кирдик. Албетте мунун артында чоң мээнет жана тоодой эмгек жатат. Ошону эске алып мамлекеттик жетекчиликтин сунушу менен ажылыкты уюштурууга кызмат кылган бир катар инсандарга сыйлык тапшырууну туура көрүп, кечээ тапшырганбыз. Бирок шартка байланыштуу сыйлык тапшырууга бара албай калгандар болуп калгандыктан, бүгүн аларга өзүбүз атайын келип тапшырып жатабыз. Бул да болсо сиздерге болгон сый-урмат», – деди Юсупов.

Саамалыктын жүрүшүндө директордун орун басары диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жогорку нукта жүргүзүлүп жатканын, өлкө жетекчилигинин планында муфтияттын приоритетин көтөрүү бар экенин белгилеп, салттуу ислам концепциясы диний башкармалык тарабынан элге жетиши зарылдыгын айтып, бул жаатта ар убак тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди.

Ал эми КМДБнын ардактуу өкүлү, АК мүчөсү Дүйшөнбай ажы Отонбай уулу дин кызматкерлеринин эмгегин баалаган комиссияга ыраазычылык билдирди:

«Жеке мен дээрлик жарым кылымдан бери диний түзүмдө, муфтиятта иштеп келем. Дин кызматкерлеринин эмгеги бааланчу деле эмес. Бирок азыркы өлкө жетекчилигинин тушунда биринчи ирет дин кызматкерлери мамлекеттик сыйлык алышты. Бул тарыхый окуя. Мына, кечээ-бүгүн ажылыкты уюштуруу боюнча талыкпай кызмат кылган балдарыбыз мамлекет тараптан сыйлык алып жатышат. Мунун өзү эле мамлекетибиздин динге, диний кызматкерлерге жылуу көз карашынын белгиси эмеспи», – деди Дүйшөнбек ажы өзүнүн ыраазычылык сөзүндө.

Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 18-июль күнү ДИМК директору Тойгонбай Абдыкаров ажылыкты жогорку деңгээлде уюштурууга салым кошкон КМДБнын айрым кызматкерлерине «Кызматташтык үчүн» төш белгисин тапшырган.