Таласта дин кызматкерлерине жыйын өткөрүлүп, салттуу исламды жеткиликтүү түшүндүрүү тапшырмасы берилди

Үстүбүздөгү жылдын 19-июль күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Мухаммад ажы Аноркулов башында турган аалымдар тобу Талас облусуна иш сапары менен барып, аймактагы дин кызматкерлерине жыйын өткөрүштү.

Жыйын Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин тийиштүү токтомдорун жана Азирети Муфтийдин №237-238 буйругун ишке ашыруу максатында уюштурулуп, бир катар маселелер талкууланды. Алсак;

– Салттуу исламдын, тактап айтканда матуридилик акыйдасы жана ханафилик мазхабынын терең жайылышына өбөлгө түзүү;

– Салттуу эмес, обочо «диний» көз караштардын жайылышынын алдын алуу;

– Радикализм жана экстремизмдин кесепеттерин жана Исламга тиешеси жоктугун коомчулукка туура жеткирүү;

– Калайыкка диний кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу;

– Ысырапкорчулукту болтурбоого салым кошуу;

– Илимге жана фактыга негизделген баяндамаларга басым жасоо;

– Улуттук нарк-насилди даңазалоо жана баалуулуктардын манипуляция кылынышына жол бербөө;

– Улуттук маданиятка төп келбеген, коомго өөн кийим-кечелер боюнча иш алып баруу;

– Мечиттерде жана ДОЖдордо мекенчилдикке багытталган баяндардын жана предметтердин көлөмүн көбөйтүү.

– Жергиликтүү укук коргоо органдары менен тыгыз иш алып баруу;

–  Имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу.

КМДБнын Азирети Муфтийинин орун басары Мухаммад ажы Аноркулов өз сөзүндө АК тарабынан чыгарылган токтомдорун жана Азирети Муфтийдин тиешелүү буйруктарын түшүндүрүү менен төмөнкүлөргө токтолду: «Бул иш-чаралар элибиздин биримдиги жана ынтымагы үчүн, ошондой эле экстремизм жана терроризмдин алдын алуу үчүн аткарылып жатат. Баарыбыз биргеликте ата-бабаларыбыз мурдатан карманып келген Ханафи мазхабын жана Матуриди акыйдасын жалпы элге жайылталы», – деди.

Айта кетсек, КМДБнын алдында түзүлгөн комиссиянын жыйыны Талас облусунун мусулмандар казыятынын имаратында өтүп, Азирети Муфтийдин жогоруда аталган орун басарынан сырткары Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Кенжетай ажы Курманкожоев, КМДБ кызматкерлери Равшан ажы Эратов, Кызырбек ажы Жээнбеков, КР ДИМКнын Талас облусундагы өкүлү Темирлан Нурадилов, Талас ОИИБинин 10-бөлүмдүн кызматкерлери , жергиликтүү укук коргоо орган кызматкерлери, Сулумбек ажы Узеналиев баштаган казыят кызматкерлери, баш имам-хатибдер, жума мечит имамдары жана аймактагы ДОЖ жетекчиликтери катышты.