Азирети Муфтий кыян кесепетинен каза болгон Хайдарали Низамеддиновдун үй-бүлөсүн зыярат кылып, Куран түшүрдү

Бүгүн, 21-июль күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ош шаарына жасаган иш-сапарында селдин кесепетинен бир үй-бүлөдөн 4 киши каза болгон Ош шаарынын тургуну Низамеддинов Хайдаралинин үй-бүлөсүн зыярат кылды. Зыяратынын алкагында сел кырсыгынан курман болгондорго багыштап Куран окуп, дуба кылды.

Азирети Муфтий каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, акчалай жардам көрсөтүү менен Оштогу жалпы жума окулган мечиттерде Куран окулуп, дуба кылынганын айтты.

«Айттырбай келген кырсык баарыбызды мүңкүрөтүп, мүлдө кыргыз элин кайгыга салып койду. Кыян жүргөн күндөн тарта жалпыбыз дуба кылып, Жаратканга жалбарып турдук. Ош ооданындагы жума окулган мечиттерде Куран тилават кылынып жатты. Табият кырсыгы себептүү каза болгон бир туугандарыбызды Алла Таала өз ырайымына алып, шейиттик даражаны ыйгарган болсун», – деди Азирети Муфтий өз сөзүндө.