Сайдахмад ажы Аппазов имамдарга семинар өтүп, матуридилик акыйдасы боюнча маалымат берди

Баткен шаар-районунун баш имам хатиби Сайдахмад ажы Аппазов Баткен шаарындагы дин кызматкерлери менен жолугушуп, семинар өттү. Жолугушууда райондогу диний абал талкууланып, ынтымак-ырашкерлик жана биримдиктин маанилүүлүгү, ысырапкерчиликтин кесепеттери талкууланды.

Ошондой эле ханафи мазхабынын келип чыгуу тарыхы, Имам Матуридинин өмүр таржымалы, эмгектери, ахли сүннөт акыйдасына кошкон салымы жөнүндө маалыматтар берилди.

Эскерте кетсек, аталган иш-чара Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун аймактарда Ханафи мазхабын, Матуриди акыйдасын жайылтуу,эл менен жолугушууларда диний агартуу кербенин уюштуруу жөнүндөгү буйругун аткаруу алкагында өткөрүлдү.