КМДБ: Диний кызматкерлер улуттук наркты даңазалайт

Бүгүн, 22-июль күнү Бишкек шаарында жайгашкан Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы борбордук мечитте баш калаадагы дин кызматкерлерине жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров башында турган КМДБ кызматкерлери, КР ДИМКнын бөлүм башчысы Айбек Иминов, укук коргоо органдары, Шакир ажы Маматов баштаган казыят жамааты, ордо калаадагы баш имам-хатибдер, ДОЖ мүдүрлөрү жана имамдар катышты.

КМАКтын тийиштүү токтомдорун ишке ашыруу максатында уюштурулган жыйында Азирети Муфтий өлкөдөгү диний абал жана дин кызматкерлеринин укук-милдеттери, диний коопсуздук, коомдук стабилдүүлүк боюнча токтолуп, ысырапкорчулукка бөгөт коюу, экстремизмдин алдын алуу жана коомго салттуу ислам конценциясын жеткиликтүү түшүндүрүү боюнча баяндама жасады.

«Алла Таала 7 миллион кишинин ичинен бизди тандап, Куран кызматчысы кылып койду. Бул үчүн канчалык шүгүр айтсак да аз. Ушул кезге чейин дин ишин жүргүзүп келгенсиздер. Бул үчүн терең ыраазычылык. Өзгөчө улуу муун аалым-имамдарыбызга карыздарбыз. Алардын ак эмгеги, зор мээнети дайым эсибизде. Динге кызмат кылуу кезеги эми сиздер менен бизде. Баарыбыз жоопкерчилик менен, ыклас менен кызмат кылалы. Мекенибиздин баркын билип, улуттук наркыбызды сактоого салым кошолу. Коомду, өзгөчө жаш муунду мамлекеттик атрибуттарды сыйлап, колдогу дөөлөттөрдүн кадырын билүүгө үйрөтөлү. Балдарыбызды ыймандуу, билимдүү, мекенчил, нарктуу кылып тарбиялайлы. Анткени руханий тарбиянын башаты – ислам», – деди КМДБ жетекчиси.

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров улуттук нарк, дин кызматкерлери жана коомдогу кийим маданияты, каалайыкка жогорку диний кызмат көрсөтүү жана диний объектилердеги тазалык маселесине да кеңири токтолуп, бул жаатта дин кызматкерлерине чукул тапшырмаларды берди.

Ал эми КР ДИМКнын бөлүм башчысы Айбек Иминов диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат боюнча маалымат берип, «Биздин өлкөдөгү диний эркиндик дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө жок. Ушул нээматтын баа-баркын билип, колдогу мүмкүнчүлүктү жоготуп албашыбыз керек. Жарандардын дин ишеними салттуу исламга негизделүүгө тийиш. Кийим-кечеси, кебете-кешпири башкача болуп, коомду чочутпашы зарыл. Бул иш-чаралардын максаты экстремизмдин алдын алдын алуу, калайыкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, тартипке жана ынтымакка келүү, өз ара кеңешүү», – деди.

Иминов өз баяндамасында динде аша чабуу, экстремизмдин кесепеттери, диний лагерлер, мечит-медреселердеги адабияттар, жоолук маселесине кайрылып, муфтияттын аброюн көтөрүү, дин кызматкерлеринин КМДБга баш ийүүсүн шарттоо зарылдыгын айтты.

Ал эми Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев диний окуу жайлар жана окуу программаларын жакшыртуу боюнча жүрүп жаткан иштер боюнча айтып, сандан сапатка өтүү зарылдыгын билдирип, «Азыр өлкө боюнча 213 диний билим берүүчү мекемебиз бар. ДОЖдордогу билим берүүнү системалоо, тартиптештирүү жана бирдиктүү программага негиздөө муфтияттын негизги багыттарынан. Буюрса бул жаатта иштер уланууда», – деди ал.

КМДБнын аппарат жетекчиси Азамат ажы Исмаилов учурда Муфтиятта жүрүп жаткан реформалар, электрондоштуруу жараяны, ДОЖдордо мекенчилдик боюнча предметтердин көлөмүн көбөйтүп, типтүү программасын бекитүү, диний үгүт-насаат боюнча бирдиктүү аянтча түзүү боюнча жүрүп жаткан долбоорлорду тааныштырып, Сириядан алынып келген жарандар менен жакындан иш алып баруу, аларды реабилитациялоодо дин кызматкерлеринин ролун эскертсе, Муфтияттын фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев радикализм жана экстремизмдин кесепеттери, бул түшүнүктөрдүн динге тиешеси жоктугу, пайгамбарыбыздын (с.а.в.) диндеги аша чабууга каршы чыккандыгы, такфиризмден тыйгандыгы боюнча айтып, баяндарды жакшыртуунун зарылдыгына токтолду.

Жыйында КМДБнын мечиттер жана имамдар менен иштешүү бөлүмүнүн башчысы Давранбек ажы Жунусалиев мечиттердин геолокациясын түзүү жана имамдардын өздүк документтерин электрондоштуруу багытында жүрүп жаткан иштер боюнча айтса, Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Шакир ажы Маматов шаар имамдарынын ишмердүүлүгү боюнча кыскача маалымат берип өттү.

Айта кетсек, КМАКтын тиешелүү токтомдорун ишке ашыруу максатында КМДБнын алдында атайын комиссиялар түзүлүп, жер-жерлердеги диний кызматкерлер менен жеринде жолугушуп, салттуу ислам концепциясын жеткиликтүү жайылтуу жана коомдук стабилдүүлүккө салым кошуу боюнча тапшырмаларды берүүдө.