Кубатбек Абдугапар уулу Бешкентте курулуп жаткан эки кабаттуу мечиттин курулушу менен таанышты

Лейлек районунун баш имам-хатиби Бешкент, Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн имамдары менен жолугушту. Жолугушуу Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин токтомдору жана КМБДнын буйруктарын ишке ашыруу максатында уюштурулуп, райондун баш имам-хатиби Кубатбек Абдугапар уулу муфтият, казыят тарабынан берилген тапшырмалар тууралуу маалымат берди. Ошондой эле ар кандай терс агымдарды алдын алуу иштерин жүргүзүү жана бирдиктүү жума темасы боюнча маектешүү болду.

Иш сапар алкагында Кубатбек Абдугапар уулу Бешкент айылында курулуп жаткан эки кабаттуу мечиттин курулушу менен таанышып, мечиттин курулушуна жардам берип жаткан инсандарга жана усталарга батасын берди.

Эскерте кетсек, мечит 500-600 орундуу болуп, эл жана атын атагысы келбеген жеке ишкер тарабынан курулуп жатат.