Бишкек: Имамдарга тапшырмаларды аткаруу жана намазды өз убагында окуу эскертилди

Бишкек шаарындагы «Кимсанбай ажы» атындагы борбордук мечитинде ордо калаадагы жалпы имамдарга кезектеги жыйын өткөрүлүп, ага жалпы 126 мечит, 52 намазкананын имамы жана райондук баш имам-хатибдер катышты.

Жыйында орчундуу маселелер каралып, тапшырмалар берилди. Алсак:

– Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши тарабынан бекитилген №01-02-03-04-токтомдорун жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын (КМДБ) №237-238 буйругун ишке ашыруу;

– Экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жана иш-чаралар;

– Мечиттердин тазалыгы жана намазды өз убагында окуу;

– №05 токтом;

Жыйындын жүрүшүндө КМДБ жана казыят тарабынан берилген тапшырмаларга кайдыгер карап аткарбаган имамдарга эскертүүлөр берилди.

“Бишкек шаары өлкөбүздүн борбору болгондуктан, шаарыбыздагы бардык мечит, намазканалар ар дайым таза болуусу зарыл. Анткени аймактардан, сырттан келген коноктор мечиттерге көп келишет. Ошону менен бирге намаз убактылары өз убагында окулуусу жана намаздарды имамдардын жеке өзү окутуусу боюнча катуу эскертүү бердик. Мындан сырткары КМДБ жана казыяттан берилген тапшырмаларды өз убагында так аткаруусун талап кылдык”, – деди  шаар казысы Шакир ажы Маматов.