Сүлүктүнүн баш имам-хатиби шаар аймагындагы имамдар үчүн атайын сабактарды уюштурууда

Сүлүктү шаарынын баш имам-хатиби Абдужалил ажы Бекаев  шаар имамдарына эки жумада бир жолу Ханафи мазхабы жана фикх илими боюнча сабактарды өткөрүп, сынактарды уюштурууда.

Шаардын баш имам-хатибинин айтымында, сабактар имамдарга Ханафи мазхабы, Матуриди акыйдасы боюнча маалыматты тереңдетүү жана хутба айтуу чеберчилигин жогорулатуу максатында уюштурулуп, ага Сүлүктү шаарындагы 21 мечиттин имамы катышат.

Муну менен катар шаардын баш имам-хатиби Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун буйрук жана тапшырмаларын жеткирди. Ага ылайык, экстремизм, терроризмдин алдын алуу, ар кандай агымдардын жайылышына бөгөт коюу жаатында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары менен иш алып баруу, дин кызматкерлеринин бирдиктүү формасы боюнча иштерди жүргүзүү, улуттук маданиятка төп келген кийимдерди кийүүнү калайыкка жеткирүү боюнча имамдарга тапшырмаларды берди.