Алибек ажы Жусупов: «Мечиттер базасы түзүлгөнгө чейин тиешелүү даярдыктарды көрүңүздөр»

Бүгүн, 23-июль күнү Ош облусуна караштуу Ноокат районунун имамдарына жыйын өтүп, жыйында Ош облустук казыятынын үгүт-насаат жана мечиттер адиси Алибек ажы Жусупов жана Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров имамдарга мечиттер базасы үчүн тиешелүү даярдыктарды көрүү тапшырмасын беришти.

«Буйруса КМДБ тарабынан өлкө боюнча жалпы мечиттердин бирдиктүү базасы түзүлөт. Мечиттер базасы түзүлгөнгө чейин тиешелүү даярдыктарды көрүңүздөр. Өзгөчө мечитти каттоодон өткөрүүдөгү керектелген жалпы иш кагаздарын сканерден өткөрүңүздөр. Бул боюнча тиешелүү адистер сиздерге жардам беришет», – деди Алибек ажы Жусупов.

Ошондой эле үгүт-насаат иштери боюнча КМДБнын №158 буйругун имамдарга тааныштырды.