Борбордо дин кызматкерлерине жыйын өткөрүлүп, диний лагерлер талкууланды

Бишкек шаарындагы «Кимсанбай ажы Абдурахманов» атындагы борбордук мечитте өткөрүлгөн жыйында бир катар маселелер каралып, дин кызматкерлерине олуттуу тапшырмалар берилди. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров өлкөдөгү диний туруктуулукту сактоодо салттуу исламдын ролуна токтолуп, калайыкка матуридилик акыйдасын жана ханафилик мазхабын жеткиликтүү жайылтуунун зарылдыгына токтолду.

Жыйында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар боюнча да айтылып, жайкы диний лагерлерди эсептик каттодон өткөн гана уюмдар уюштурушу керектиги билдирилди.

“Азыр жай айлары болгондуктан, 2-3 киши баш бириктире калып эле лагерь уюштуруп жатат. Албетте, лагерь уюштурууга бардык жарандардын укугу бар деңизчи. Бирок диний лагерь атайын мыйзамдарда көрсөтүлгөн жагдайларда гана уюштурулууга тийиш. Ар кандай кооз аталыштарды коюп алып, тоодо же көлдө лагерь уюштуруп жатышат. Коомдо айрым адамдар тарабынан “лагерь – бул  чайкоочулук” деген сындар да айтылууда. Бизди, КМДБны, финансылык жагы эмес, балдардын коопсуздугу, акыйда-мазхабы кызыктырат. Негизи диний иш-аракеттерди ишенимдүү, салттуу, туура диний билимге ээ болгон расмий тараптар жүргүзүшү керек”, – деп билдиришти КМДБнын окуу бөлүмүнөн.

Айта кетсек, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар” жөнүндөгү мыйзамынын 8-беренесинде “Дин иштери боюнча мамлекеттик органдардын эсепке алуу каттоосу жок диний уюмдардын иш-аракетине жана иштешине ушул Мыйзамга ылайык тыюу салынат” деп белгиленген. Ушул эле мыйзамдын 3-беренесинде “диний иш-аракет – …диндерди жайылтуу, диний таалим-тарбия, кудайга табынуу иштерин, дуба кылуу жыйындарын өткөрүү…” деп жазылган. Ушуга байланыштуу жаш өспүрүмдөр үчүн диний тарбиялык лагерлер Дин комиссиясынын каттоосунан өткөн диний уюмдар, диний окуу жайлар тарабынан гана уюштурулуусу зарыл. Бул боюнча КМДБнын диний лагерлер жөнүндөгү жобосу иштелип чыгып, каттоодон өткөрүлгөн диний мекемелерге таратылган. Ошондой эле диний лагерлерди уюштуруу тартиби жана жол-жобосу боюнча муфтияттын расмий сайтына, социалдык баракчаларына маалыматтар жайгаштырылып, мечиттерде жана ДОЖдордо түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлүп келет. Ошого карабай, жеке жарандар тарабынан өз алдынча диний лагерь уюштуруулар катталып, шарты жок, санитардык абалы начар мыйзамсыз иш алып барган диний лагерлердин укук коргоо органдары тарабынан ишмердиги токтотулган учурлар бар.