Арстанбап: Сел каптаган турак жайларды тазалоо жумуштары жүрүүдө

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айыл аймагындагы сел жүргөн аймакка барды.

Облус казысы селден жабыркаган инсандарды сабырдуулукка, ынтымак жана биримдикке чакырып, “Эң башкысы – адам өмүрү! Башыбыз аман болсо мал, дүйнө, байлык, темир табылат. Аллахтан келген сыноону сабырдуулук менен чогуу, бирге жеңебиз. Бүгүн мамлекеттик органдар, ӨКМдин кызматкерлери баары чогуу аракет көрүшүүдө. Биз сын айтып жамандык издебей, дуба кылалы”, – деди.

Мындан сырткары сел жүргөн аймакты тазалоо иштеринде дин кызматкерлери, райондун имамдары да четте карап турбастыгын кошумчалады.

Эскерте кетсек, ӨКМдин алдын ала берген маалыматына ылайык, селден 1 оорукана жана соода түйүндөрү, 5 көпүрөнү, 1 чакырым ички чарбалык жолду сел суулары каптап, 23 унааны агызып кеткен. Адам өмүрүн алган учур катталган эмес. Сел жүргөн аймакка 4 экскаватор, 2 жүктөгүч, 1 самосвал, жалпы 77 куткаруучу, 7 мотопомпа тартылган.