Казань: Азирети Муфтий “Ыйык Куран сыйлыгы” аттуу Куран окуу конкурсунун ачылыш аземине катышты

Бүгүн, 24-июль күнү РФ Татарстан Республикасынын Казань шаарында V Эл аралык “Руханий Жибек Жолу” аттуу конференциясынын алкагында БРИКС өлкөлөрүнүн “Ыйык Куран сыйлыгы” аттуу Куран окуу конкурсунун салтанаттуу ачылыш аземине ардактуу конок катары Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров катышты.

Жарышта 20дан ашык мамлекеттерден келген карылар конкурска катышып, өз күчүн сынап жатышат.

Ал эми жогоруда аталган конференциянын расмий бөлүгү эртең, 25-июлда өз ишин баштайт. Анда Кыргызстандын атынан Азирети Муфтий сөз сүйлөйт.