Азирети Муфтий Казандагы “Фонд Ярдем” кайрымдуулук фондун зыярат кылды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров РФ Татарстан Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Казань шаарындагы “Фонд Ярдем” кайрымдуулук фондун зыярат кылды. Зыяраттын алкагында фонддун башкы кеңсеси, шарттары, ишмердүүлүгү менен таанышып, фонддо даярдалган атайын көзү азиздер үчүн даярдалган брайл Куран басмасы менен таанышып, аталган фонддун жетекчиси Илдар Баязитов менен пикир алышты.

“Кыргызстанда да ушул өңдүү фонддор түптөлүшү керек. Келечекте коомдун аярлуу катмарында жашап жаткан мусулмандардын, майыптыгы барлардын диний сабаттуулугун жогорулатуу максатында ишмердүүлүк жүргүзүлүшү керек. Учурдан пайдаланып “Ярдем” фонддун жетекчилигине ыраазычылыгымды билдиремин. Биз көрүп, таанышып чыктык, шарттары абдан сонун экен. Татарстан Республикасынын мамлекеттик администрациясына да рахматымды айтамын”, – деди Азирети Муфтий зыярат боюнча.

Эске салсак, бул фонд туруктуу түрдө ар кандай категориядагы, анын ичинде көзү азиздерди, дүлөйлөрдү, майыптарды акысыз реабилитациялоону камсыз кылат. Үй-жайсыз жана аз камсыз болгондор үчүн күн сайын бекер түшкү тамактарды уюштуруп, жалгыз бой пенсионерлерге жана көп балалуу үй-бүлөлөргө тамак-аш азык түлүктөрүн таратып, оор турмушта жашаган инсандарга даректүү материалдык жардам көрсөтөт.