Ысык-Көл районундагы имамдарга жыйын өтүп, Азирети Муфтийдин тапшырмалары жеткирилди

Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев Ысык-Көл районундагы дин кызматкерлерине жыйын өткөрдү. Жыйында КМАКтын протоколдук тапшырмалары, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун буйруктары жеткирилди.

Иш-чара алкагында казы тарабынан матуридилик акыйдасы, ханафилик мазхабынын өзгөчөлүгү, калайыкка диний кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, диний баяндарды илимге жана фактыларга негиздөө, адеп-ахлактын мааниси, мечиттердин тазалыгы, радикализм жана экстремизмдин кесепеттери жана динге эч кандай тиешеси жоктугу, ысырапкорчулук боюнча үзгүлтүксүз иш алып баруу боюнча көрсөтмөлөр берилип, имамдарга милдеттенмелер жүктөлдү.

“Дин кызматкерлери акыйдада тереңдей беришибиз керек. Эгер акыйданы жакшы билсек, ар кандай агымдарга жана экстремисттик багыттарга илимий туруштук берип, калкыбызга руханий калкан боло алабыз. Эгер биз туура акыйданы жеткире албасак, ар кандай салттуу эмес радикалдык багыттар элдин башын айлантып, ыркты кетирип, наркты качырат”, – деди казы.

Самидин кары Атабаев жыйындын экинчи бөлүгүндө Алла Тааланын затий сыпаттары боюнча илимий баяндама жасап, берилген суроолорго жооп берди.

Белгилей кетсек, учурда Ысык-Көл районунда 44 мечит бар.