Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров баш имам-хатибдерге жана мүдүрлөргө онлайн жыйын өткөрдү

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары  Закировдун тапшырмасын аткарылышы боюнча Баткен облусундагы район-шаардын баш имам-хатибдерине жана диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө онлайн жыйын өткөрдү.

Жыйын Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин тийиштүү токтомдорун жана Азирети Муфтийдин буйругун ишке ашыруу максатында бир катар маселелер талкууланды.

Алар:

– Элибизге диний кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу;

– Ханафий мазхабынын терең жайылышына өбөлгө түзүү, ал үчүн сабактарды,семинар, сынактарды уюштуруу;

– Терс агымдардын көз караштарынын жайылышынын алдын алуу;

– Радикализм, тероризм жана экстремизмдин кесепеттерин жана исламга тиешеси жоктугун коомчулукка туура жеткирүү;

– Ысырапкорчулукту болтурбоого салым кошуу;

– Бирдиктүү жума баяндамасына көңүл буруу.

– Улуттук нарк-насилди даңазалоо.

Муну менен катар облус казысы буйруктарды так аткарып, жакшы натыйжа көрсөткөн дин кызматкерлери сыйланарын, ал эми кайдыгер мамиле жасагандарга чара көрүлөрүн эскертти.