Ак-Талаа имамдарына жыйын өткөрүлүп, салттуу исламды күчтөндүрүү тапшырмасы берилди

Кечээ, 24-июль күнү Нарын облусуну казысы Эрик Молдокулов Ак-Талаа районуна иш сапары менен барып, район аймагындагы имамдарга чогулуш өткөрдү. Чогулуштун башкы максаты салттуу ислам динин жеткилең жайылтуу жана ага ылайык үгүт-насаат иштерин жүргүзүү, имамдардын бирдиктүү формага өтүшү жана тазалыкка дыкат көңүл буруу менен бирге экстремисттик көз караштагы дин тутунуучуларга исламдын аруулугун жеткирүү. Казы Орто Азия эли карманып келген Матуриди акыйдасы, Ханафи мазхабынын негизинде салттууу исламды бекем кармануу боюнча эл арасында сылыктык менен иш алып барууга чакырып өттү.

Муну менен катар КМДБ тарабынан келген фатва, буйруктарды ишке ашырууда имдардын салкын мамиле кылбашын талап кылып, жакынкы арада КМДБдан келген фатва, токтом жана буйруктардын ар бирине кеңири токтолуп, түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.

Буйрук, токтомдун негиздеринде имамдар тарабынан суроолор берилип, жооптор алынды.

“Сиздер чынында улуу ишти улаган  кызматкерсиздер. Бир убакта кадырыңыздар салкын болгон болсо, азыр эл тарабынан колдоого алынып жатасыздар. Бул сиздердин эзелки эмгегиңиздердин бир эле үзүрү. Бүгүнкү кылган кызматыңыздар, эртең эселеп адамдардан жана жаратуучубуз Алладан сөзсүз кайтат. Эми биз мамлекетибиздин бүтүндүгү үчүн, дин тутууу эркиндиги үчүн, мамлекет башчыларыбыздын динибизге болгон түз көз караштарына шүгүр этип, туура эмес кадамдарды баспайлы. Салттуу ислам динибизди Ханафи мазхабынын негизинде биргеликте иш алып барууну жалпыбызга насип этсин”, – деди Эрик Молдокулов.

Айта кетсек, аталган иш-чара Ак-Талаа районунун борбордук мечитинде болуп өттү. Жыйынга Ак-Талаа району боюнча коопсуздук кызматкери Азамат Кубеков, 10-бөлүмдүн кызматкери Мирлан Алымкулов жана Ак-Талаа районунун баш имам-хатиби баштаган район имамдары катышты.