Каракол шаарындагы имамдарга жыйын өткөрүлүп, матуридилик акыйдасы боюнча лекция окулду

Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев Каракол шаарындагы дин кызматкерлерине жыйын өткөрдү. Жыйында Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши тарабынан бекитилген протоколдук тапшырмалар жана Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун буйругу тааныштырылды.

Жыйында облус казысы Каракол шаары төгөрөктүн төрт бурчунан агылган туристтерге жылуу кучак жайып келгенин, сервисти мындан да жогорку деңгээлге көтөрүү “нур үстүнө нур” болорун билдирип,

“Каракол шаары облусубуздун борбору. Кыргыз бермети, улут байлыгы болгон көлүбүздүн жээгинде, тескей Ала-Тоонун этегинде жайгашкан көрктүү шаар, туристтик борбор. Андыктан келген конокторго, туристтерге дагы да жылуу, дагы да меймандос мамиле жасап, исламдын жана салтыбыздын эң мыкты үлгүсүн көрсөтүүгө тийишпиз. Бул боюнча даанышмандык жана кеменгерлик менен түшүндүрүү-агартуу иштерин жүргүзө беришибиз зарыл”, – деди Самидин кары Атабаев.

Көл кылаасынын мусулмандар казысы мечиттердин тазалыгы, намаз убактыларына так болуу, ысырапкорчулукка бөгөт коюу, салттуу ислам баалуулуктары жана экстремизмдин кесепеттери боюнча калайыкка жеткиликтүү жеткирүүнү айтып өттү.

Самидин кары жыйындын экинчи бөлүгүндө “Матуридлик акыйдасы жана акыйкаты” аттуу темада лекция окуп, имамдар тарабынан берилген суроолорго жооп берди.

Айта кетсек, аталган жыйынга Талант Сабриков баштаган райондогу имамдар катышты.