Баткендеги медреселерде түшүндүрүү-профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун буйругуна ылайык, Баткен облусунун аймагындагы диний окуу жайларда диний маалыматтык-профилактикалык иш-чараларды өткөрүү максатында Баткен облустук мусулмандарынын казыяты тарабынан 23-24- июль күндөрү Баткен облусунунун аймагындагы «Таштемир ажы», «Имам Аззам», «Баткен» жана «Муьаз ибн Жабал» атындагы медреселерде КР Президентинин «Улуттук нарк жөнүндөгү» Жарлыгын аткаруу алкагында түшүндүрүү-профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү.

Иш-чара аймактагы ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте өтүп, анда туура эмес диний агымдар тууралуу түшүнүктөрдү жеткирүү менен алардан алыс болууга чакыруу жана ата-бабаларыбыз тутунуп, сактап келген туура салттуу дин баалуулуктарын жайылтуу темасы талкууланды.

Ошондой эле  диний окуу жайларга светтик сабактарды киргизүү зарылдыгы айтылып, КР Президентинин “Улуттук нарк жөнүндөгү” Жарлыктарына ылайык Мекенди сүйүүгө чакырган кошумча сабактар киргизилери маалымдалды.