Нематулла ажы Жээнбеков болочок аалымдарды кабыл алып, тажрыйбасы жана акыл-насааты менен бөлүштү

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков Ноокен районунан келген чет мамлекетте жана Кыргызстанда жогорку диний билим алган болочоктогу аалымдарды кабыл алды. Анда облус казысы жаш илим ээлери диний чөйрөдөгү ишмердүүлүктү жакшыртуу жана ханафи мазхабы, матуриди акыйдасына ылайык салттуу исламды жайылтууга жигердүү салым кошуп жергиликтүү казыят, хатибияттар менен активдүү кызматташуусу зарыл экендигин айтып,

“Балдарым, биз кимибиз кайсыл жерден, кайсыл өлкөдөн билим албайлы, эң башкысы алган билимибизди туура жолго пайдаланып ислам динин жайылтууга активдүү салым кошолу. Учурда чет мамлекеттен билим алган жаштарыбыздын арасында ар кандай терс, туура эмес көз караштар пайда болуп, көп жылдар боюу динге кызмат кылган аксакалдарыбызга “сиздин илимиңиз жок, андай эмес мындай” деп акыл айткан учурлар бар. Бул жакшы эмес! Канчалык илимге ээ болбогула, кулк-мүнөзүңөр адебиңер жакшы болбосо баары бекер. Ошондуктан келгиле өзүңөрдүн жакшы кулк-мүнөзүңөр адебиңер, алган билимиңер менен динге, исламга кызмат кылгыла. Учурда жергиликтүү хатибияттар, мечиттер сиздердей жаш билидүү кадрларга муктаж”, – деди.

Ал эми Ноокен районунун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков чет мамлекетте жана Кыргызстанда жогорку диний билим алган жаш илим ээлери менен райондук хатибият дайыма байланышта экендигин, айрымдары жергиликтүү мечиттерде имам катары кызмат көрсөтүп жаткандыгын, казы менен болгон жолугушууга райондон 12 жаш илимдүү жаштар келгендигин кошумчалады.

Соңунда облус казысы жаш илим ээлерине ийгилик каалап, мусулмандардын ыйык китеби болгон Курандын кыргызча котормосун белек кылды.