Кызыл-Кыя хатибияты “Умар ибн Хаттаб” мечитинин эмгек жамааты менен бирге “Мээримдүү бол” аттуу иш-чара өткөрдү

Кечээ,24-июль күнү Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби Нийматилла ажы Топчиевдин демилгеси, “Умар ибн Хаттаб” мечитинин эмгек жамаатынын уюштуруусу, Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын колдоосу менен “Мээримдүү бол” аттуу кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү.

Саамалыктын алкагында Кызыл-Кыя шаарында 4-жаштан 14-жашка чейинки 600 дөн ашуун жетим жана аз камсыз болгон балдарга шаардын борбордук эс алуу багындагы оюн-зоок уюштурулуп, атракциондордо ойнотулуп, балмуздак жана суусундуктар тартууланды.

Иш-чарага Кызыл-Кыя шаарынын мэринин биринчи орун басары И. Бабаев катышып, өзүнүн каалоо-тилектерин айтып, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.

“Бул иш-чара “Мээримдүү бол” деп аталып, жаш өспүрүмдөргө зордук-зомбулук эмес, аларга мээрим төгүү зарыл экендигин чагылдыруу максатында уюштурулду жана бул иш-чараны уюштурган “Умар ибн Хаттаб” мечитинин эмгек жамаатына, салым кошкон ишкер бир туугандарыбызга ыраазычылык билдиребиз”, – деди Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби Нийматилла ажы Топчиев.