Ноокен: Садырбаев айыл өкмөтүнүн башчысы борбордук “Нур” жума мечитиндеги курулуштар менен таанышты

Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун Дооронбек Садырбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Бекиев райондун борбордук “Нур” жума мечитин зыярат кылып, мечиттин курулушу менен таанышты. Райондун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков айыл өкмөт башчысына мындан бир топ убакыт мурун ушул эле айылдын жашоочулары, тагырагы Умаровдордун үй-бүлөсүнүн колдоосу менен мечиттин кире беришине “Бухара” стилиндеги дарбазанын курулушу башталгандыгын, мындан сырткары бул жайга кошумча райондук хатибиятын имараты да куруларын айткан.

Д. Садырбаев айыл аймагынын башчысы Алтынбек Бекиев курулуш иштери менен таанышып, “Жергиликтүү бийлик тарабынан да колдоо болот. Азырынча биз тараптан бул жайга таштанды таштоочу урналарды жасатып, койдуртуп берели. Дагы байланышып, кабарлашып турабыз. Буйруса мүмкүнчүлүккө жараша жардамдарды беребиз”, – деди.