Казань: Азирети Муфтий V Эл аралык “Руханий Жибек Жолу” конференциясында доклад окуду

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров РФнын Татарстан Республикасынын Казань шаарында өтүп жаткан V Эл аралык “Руханий Жибек Жолу” аттуу конференциясына катышууда.

Россияда, Кытайда, Кыргызстандын жана Казакстандын борборлорунда жолугуп, ар дайым Улуу Жибек жолунун жалпы мурасы болгон жана болуп кала берген улуу Евразиянын диний турмушунун актуалдуу күн тартибин аныктоо боюнча сөз сүйлөгөн РФ мусулмандарынын Дин башкармалыгынын төрагасы, Россиянын Муфтийлер Кеңешинин муфтийи, шейх Равиль Гайнутдин мындай деп билдирди:

“Өнөктөштөрүбүз менен биргеликте түзүлгөн коммуникация модели өзүнүн эффективдүүлүгүн, көтөргөн темалары өз актуалдуулугун көрсөтүп, Бириккен Араб Эмираттарынын, Ирандын, Египеттин, Бразилиянын, Эфиопиянын, Түштүк Африканын, Катардын, Бахрейн Королдугунун өкүлдөрүнүн жана ушул жылы биринчи жолу биздин форумга кошулган бардык катышуучулардын көңүлүн бурду. Ошентип, биздин “Руханий Жибек Жолубуз” өнөктөш өлкөлөрдүн маданий интеграциясына жана руханий өз ара аракеттенүүсүнө көмөктөшөт. Биздин конференция быйыл Казанда өткөрүлө турган БРИКС саммитинин алдында өтүп жатканы бекеринен эмес”.

БРИКСке мүчө өлкөлөрдүн диний жетекчилеринин катышуусунда өтүп жаткан кезектеги конференцияда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров континенттеги тынчтык жана аны орнотуудагы диндин ролу тууралуу доклад окуду.

“Азыркы тапта дүйнө саясий белгисиздиктин курчоосунда турганда, маданияттар менен цивилизациялардын ортосундагы жакындашуунун көпүрөсүн куруу өтө зарыл болуп турат. Бул маселеде диний лидерлер жана эл аралык диний жамааттар диндер менен элдердин ортосундагы глобалдык диалогду, анын ичинде ушундай эл аралык форумдар жана конференциялар өткөрүлүүчү жайларда иш алып баруу аркылуу жигердүү көмөктөшүүнү улантуулары керек деп ойлойм. Ушундай иш-чараларды өткөрүү менен коомдогу өз ара түшүнүшүүгө жана бири-бирибизге сый-урмат көрсөтүүгө көмөктөшкөн болобуз”, – деди Азирети Муфтий өз докладында.

Илимий-теологиялык конференцияга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Египет, Иран, Эфиопия, ТАР, БАЭ, Индия, Бахрейн, Бразилия өлкөлөрүнөн диний өкүлдөр катышып жатат.

Эскерте кетсек, “Руханий Жибек Жолу” саамалыгы 2016-жылы Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун Үрүмчү шаарында башталган.  РФнын Татарстан Республикасынын Казань шаарында өтүп жаткан Эл аралык конференция үстүбүздөгү жылдын 26-июль күнү жыйынтыкталмакчы.