Тынчтыкбек ажы Шаиков Ноокен районунун акиминин орун басары менен жолугушуп, райондогу диний абалды талкуулады

Ноокен районунун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков Ноокен райондук мамлекеттик администрация башчысы-акиминин орун басары Зияда Юлдашева менен жолугуп, диний чөйрөнү жакшыртуу, жергиликтүү мамлекеттик органдар менен биргеликте чогуу иш жүргүзүү багытында бир катар маселелерди талкуулашты.

Анда райондун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков акимдин орун басары Зияда Юлдашевага райондун аймагындагы мечиттердин эсептик каттоодон өз убагында кечиктирбестен өткөрүүдө, КРнын президенти С. Жапаровдун №54 жарлыгын ишке ашырууда, эл арасында аш-тойлордо жана маркумду акыркы сапарга узатуудагы ыксыз чыгымдарды азайтууда, билим берүү мекемелеринде ата-энени урматтап-сыйлоо, Мекенди сүйүү, аракечтик жана наркомания, экстремизм жана терроризм ж.б.у.с. коомчулуктагы терс көрүнүштөрдү жоюуда райондук мамлекеттик администрация, жергиликтүү бийлик дагы да жакындан жардам берип турса деген оюн билдирди.

Зияда Юлдашева Ноокен райондук администрациясы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү буга чейин  райондук хатибият менен дайыма жакындан кызматташып  келгендигин дагы да зарыл болгон жардамдар көрсөтүлөрүн айтып, “Биз сиздер менен дайыма жакындан кызматташып келебиз. Биздин эшик ачык. Диний чөйрөдөгү абалды жакшыртууга, колдоого кызыктарбыз. Биз тараптан кандай жардам керек болсо, ачык айтып кайрыла бериңиздер. Бүгүнкү күндө эл арасында аш-тойлордо жана маркумду акыркы сапарга узатуудагы ыксыз чыгымдарды азайтууда, балдардын тарбиясы, үй-бүлө баалуулуктары туурасында жер-жерлерде биргеликте чогуу иш алып барышыбыз керек,” – деди.