Самидин кары Атабаев: “Биз, мусулмандар – бир тууганбыз, туугандыгыбызды ыдыратууга жол бербейли”

Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев Каракол шаарындагы “Яхья Умар аль-Филалий” борбордук мечитинде эл менен жолугушуп, жума баянын жасады. Облус казысы өз баянында бир туугандык мамиле, ынтымак, биримдик жана жалпы эле дин туурасында сөз сүйлөдү.

“Аллах Таала Куранда: “Туугандардын, колунда жок адамдардын, жолдо жүргөн адамдын (ибни сабиил) акысын бер! Алла берген байлыкты ысырапчылыкка иштетпе!” деп айткан. Мунун мааниси туугандарга жардам берип, каралашып туруу керек дегени. Бирок жардам берген кезде бой көтөрүп, берки жардам алып жаткан кишини кор кылбастан берүү керек. Мусулмандар бир тууган болот. Биз баарыбыз бир тууганбыз, биз тууганчылыгыбызды, ынтымагыбызды ыдыраткандарга жол бербешибиз шарт”, – деди облус казысы.

Самидин кары Атабаев ысырапкорчулуктун кесепеттери, аша чабуунун зыяндары, салттуу ислам баалуулуктары, матуридилик акыйдасы, ханафи мазхабы боюнча да маалымат берди.