Чүйдөгү имамдарга жыйын өткөрүлүп, салттуу ислам негиздерин жайылтуу талабы коюлду

Чүй облусундагы Ысык-Ата райондук маданият үйүндө Азирети Муфтийдин орун басары Мухаммад ажы Аноркулов баштаган дин аалымдары Аламүдүн, Чүй, Ысык-Ата райондору жана Токмок шаарындагы дин кызматкерлерине жыйын өткөрдү. Иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин №01, №02, №03 жана №04 протоколдук чечимдерин, ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин №237 буйругун аткарууга алуу максатында уюштурулду.

Саамалык Ыйык Куран окуу менен башталып, эл-журтка амандык, өлкөгө тынчтык тиленди.

Мухаммад ажы Аноркулов жалпы катышуучуларга өлкөдөгү диний абал, КМДБнын дин чөйрөсүндөгү ишмердүүлүгү, салттуу ислам баалуулуктары, ислам динин жаманатты кылган экстремизм, улуттук наркты сактоо жана ысырапкорчулуктун кесепеттери боюнча баяндама жасап, колдогу нээмат болгон тынчтык жана дин тутуу эркиндигин ардактоо зарылдыгына токтолду.

Ал эми КМДБ кызматкери Равшан ажы Эратов диндеги аша чабуунун кесепеттерин айтып, ханафи мазхабынын коомдогу ролун белгилеп өттү.

Жыйында Чүй облусунун казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков иш-чарага ардактуу конок катары келген КМДБ кызматкерлерине, катышкан жалпы имамдарга жана ДОЖ өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, аймакта мындан аркы диний кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча имамдарга тапшырма берди.

Айта кетсек, АКтын тиешелүү токтомдорун ишке ашыруу боюнча КМДБнын алдында комиссиялар түзүлүп, жер-жерлерде имамдар менен масштабдуу жыйын өткөрүлүп, КМАКтын жана Азирети Муфтийдин буйрук-тапшырмалары жеткирилип, дин кызматкерлерине көрсөтмөлөр берилди.