Бирдик айылында аялдар арасында Куран жарышы өткөрүлдү

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Бирдик айылында жайгашкан «Абу Ханифа» медресесинде кыз-келиндер арасында Куран жарышы болуп өттү. Куран саамалыгына Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдул-Азиз ажы Чыныбеков катышып, “Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.): «Силердин араңарда эң жакшыңар Куранды үйрөнүп, аны үйрөткөнүңөр» деген. Мында эң шарапаттуу иш менен алек болгондор олтурасыздар. Байгелүү орунга илешпей калгандар такыр капа болбоңуздар. Сиздердин Ыйык Куранды эрежеси менен жатка окуп жатканыңыздардын өзү жеңиш”, – деп билдирди.

Конкурстун жүрүшүндө казынын орун басары Саясат ажы Асанов Куран жаттаган айымдарга ыраазычылык билдирди.

Жарышка Чүй облусунан 30 дан ашуун конкурсанттар катышты. Калыстар тобунун төрагасы Саитвали Байтейитов, мүчөлөрү Рахматилло Бегмуродов жана Абдумалик Козубековдун баалоосу менен төмөнкүдөй жыйынтык чыгарылды.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Ханифа Узакова (30 пара боюнча);

Узакова София (20 пара боюнча);

Дандазова Лейла (10 пара боюнча);

Мухтадаева Фатима (кооз окуу боюнча).

Жеңүүчүлөргө диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле калыстарга казыяттын Ыраазычылык каттары ыйгарылды.

Эскерте кетсек, облустук этаптын жеңүүчүлөрү республикалык Куран жарышына жолдомо алышты.