Өзгөндө жума мечиттерде жол коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Бүгүн, 26-июль күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Өзгөн РИИБдин жол боюнча ЖККБнын өкүлүн кабыл алып, жол коопсуздугу боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча пикир алышты.

«Учурда жол кырсыгынан улам кайтыш болгон жарандардын саны да аз эмес, кайдыгерликтен улам өзү эле эмес, өзгөлөрдү да зыянга учуратып жаткандар болууда. Жол эрежесин сактоону, адамдын жаны аманат экендигин эскертип келебиз. Ошондой болсо да инсан унутчаак болгондуктан, кайра эле жол кырсыгы катталууда. Ошого карабастан биз колубуздан келишинче түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө болгон аракеттерди жасай берели», – деди баш имам-хатиб Акжол ажы Бакиров.

Ошону менен бирге райондогу жума окулуучу мечиттерде баяндын соңунда жол коопсуздугу боюнча кыскача түшүндүрүү иштери жүргүзүлө турган болду.