Кара-Кулжада түлөө өткөрүлүп, эл-журттун амандыгын тилеп дуба кылынды

Бүгүн, 26-июль күнү Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл өкмөтүндөгү жооптуу имам Тагдырбек Шабданов демилгелеп элдин колдоосу менен түлөө өткөрүп, эл-журттун амандыгын тилеп дуба кылышты.

«Ата-бабаларыбыз ар түрдүү кырсык, балээден сактануу максатында эл-журттун амандыгын тилеп дуба кылып, түлөө өткөрүп келишкен. Биз да жакынкы күндөрдө болуп жаткан сыноолордон улам, түлөө өткөрөлү деп эл менен биргеликте уюштуруп, берекелүү жума күнү элге чай берип ак батасын алдык», – деди айыл өкмөттүн жооптуу имамы Тагдырбек Шабданов.

Айта кетсек, аталган айыл өкмөттө бул жылы селден улам бир үй-бүлөдөн 4 адам кайтыш болгон.