Азирети Муфтий Кыргызстандын Казань шаарындагы башкы консулу менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров РФнын Татарстан Республикасынын Казань шаарында өткөн V Эл аралык “Руханий Жибек Жолу” аттуу конференциясынын алкагында Кыргызстандын Казань шаарындагы башкы консулу Эрик Бейшембиев менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө Казандагы кыргыз мигранттары, мусулмандары, алардын абалы тууралуу сүлөшүп, Азирети Муфтий ханафи мазхабы, матуриди акыйдасынын алкагында динди жайылтуу керектигин баса белгиледи.

Мындан тышкары, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров башкы консул Эрик Айдарканович менен биргеликте Казандагы кыргыздардын тобу менен баарлашуу жүргүздү. Баарлашууда диндин баалуулуктары, асыл сапаттары, ханафи мазхабы, матуриди акыйдасы боюнча кыскача түшүнүк берип, бөтөн элде, бөтөн жерде адеп-ахлак жана мыйзам сакталышы керектигин эскертип өттү.

Баарлашуунун соңунда V Эл аралык “Руханий Жибек Жолу” аттуу конференциясына арналып Казань муфтиятынын администрациясы тарабынан уюштурулган галлереялык бурчту зыярат кылышып, өнөрпоз Гулназ Исмаилованын калемине таандык каллиграфиялык сүрөт көргөзмөсү менен таанышып чыгышты.