Азирети Муфтий Монголиянын муфтийи жана Кытай ислам ассоциациясынын төрагасы менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров РФнын Татарстан Республикасынын Казань шаарында өткөн V Эл аралык “Руханий Жибек Жолу” аттуу конференциясынын алкагында Монголиянын муфтийи, Мусулмандар биримдигинин төрагасы Батырбек кажы Хадысулы жана Кытай ислам ассоциациясынын төрагасы Ян Фаминг менен таанышуу жана тажрыйба алмашуу максатында жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Батырбек кажы Хадысулы жана Ян Фаминг Абдулазиз кары Закировду кызмат орду менен куттукташты жана эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты.

Ян Фаминг Кыргызстанга келип кеткенин, диний абал мыкты экендигин белгилеп, Кытайда болгон диний иш-чараларды тааныштырып, өзүнүн тажрыйбасы менен ой бөлүшүп, муфтий Абдулазиз кары Закировду Кытайга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Ал эми Батырбек кажы Хадысулы Кыргызстанга келип кеткенин айтып, Кыргызстандагы диний ишмердүүлүктү жогору баалап, Монголиядан келип Кыргызстандын диний окуу жайларында окуп кетишкен студенттер кызмат кылып жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле, Монголияда болуп жаткан диний иш-чаралар боюнча да маалымат иретинде ой бөлүшүп, тажрыйба алмашууга чакырды.

Муфтий Батырбек кажы Хадысулы жана төрага Ян Фаминг Кыргызстанда өзгөчө Куран жаттоо, Куран жарыштары эң сонун жолго коюлгандыгын баса белгилешти.

Мындан тышкары, жолугушууда тараптар т.а. муфтийлер, БРИКС саммитинин алдында өтүп жаткан V Эл аралык “Руханий Жибек Жолу” аттуу конференциясы жогорку деңгээлде болгондугун баса белгилешип, жолугууга шарт түзүп жаткандыгы үчүн Россиянын Муфтийлер Кеңешинин муфтийи, шейх Равиль Гайнутдинге  ыраазычылык билдиришти.

Ал эми муфтий Абдулазиз кары Закиров кызматташуунун орду маанилүү экендигине токтолуп, Ханафи мазхабы, Матуриди акыйдасынын алкагында иш-чаралар уюштурула берилерин белгилеп, жолугушуу жана куттуктоо үчүн коллегаларына ыраазычылык билдирип, мындан аркы иштерине ийгилик каалап, биргелешип кызмат кылуу боюнча тилектештигин айтты.

Жолугушуу соңунда тараптар бири-бирине белек  тартуулашып, эстелик үчүн сүрөткө түшүштү.