Алимбек ажы Маматаминов: «Мечиттерде ибадат кылууга ыңгайлуу шарттарды түзүү учурдун талабы»

Бүгүн, 28-июль күнү Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминов Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаш-Тилек айылында жайгашкан «Амир ажы» мечитиндеги кошумча имаратына капсула салуу иш-чарасына катышты.

Мечиттин дааратканасы жана кошумча бөлмөлөрүн курулушунда баш имам-хатиб Алимбек ажы Маматаминов төмөнкүлөргө токтолду:

«Мечиттерде ибадат кылууга ыңгайлуу шарттарды түзүү учурдун талабы. Өлкөбүздө дин тутуу эркиндиги кеңири болгондуктан, мечиттерибиз бир топко көбөйдү. Бирок эми санга эмес, сапатка көңүл буруу керек. Мечитти куруп эле кете бербестен, ага заманбап шарттарды түзүү, анын тазалыгы, дааратканасы жана өрт коопсуздугун камсыздоо  боюнча тиешелүү иштерди жасоо зарыл. Бул боюнча казы дамла да Чоң-Алай районуна жасаган расмий иш сапарынын алкагында имамдарга өткөргөн жыйында тапшырма берген. Буйруса тиешелүү тапшырмаларды аткарууда имамдарыбыз өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүүдө. Имамдардын демилгесин колдоого алган жергиликтүү жамаатка ыраазычылык билдиребиз. Аллахым ыраазы болсун», – деди баш имам-хатиб Алимбек ажы Маматаминов.