Мирланбек ажы Токтомушов шаардагы дин кызматкерлерине жыйын өтүп, АКтын фатваларын жеткирди

Үстүбүздөгү жылдын 27-июль күнү Ош шаарындагы жума окулган мечиттердин имамдарына жыйын болуп өттү. Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов калаадагы жалпы имамдарга Аалымдар Кеңешинин тийиштүү фатваларын жеткирип, жума баяндарда КМДБдан даярдалган бирдиктүү тема боюнча баян кылынуусун айтты. Ошондой эле форма маселесине да токтолду:

«Кээ бир адамдар фарз менен мустахаб амалды алмаштырып жатышат. Мисалы, хижаб маселесинде аялдардын хижаб кийиүүсү парз болсо, айрымдары никабды дагы парз амалга чыгарып алып жатышат. А бул коомдо жылуу кабыл алынбай келет. Алардын себебинен жалпы хижаб кийген мусулман аялдарына залакасы тийип калууда», – деди калаа мусулмандарынын казысы.

Мирланбек ажы Токтомушов жыйында КМДБ тарабынан жалпы дин кызматкерлеринин бирдиктүү формасы даярдалып жатканын айтып, жол баштоочу болгон имамдын кийими таза жана тыкан болуусу керектигин, намазга өткөндө сөзсүз селде-чепкен менен өтүүсүн эскертти.