Ош шаарында кыз-келиндер арасында Куран жарыштын тандоо түрү өткөрүлдү

Кечээ, 28-июль күнү Ош шаарында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан кыз-келиндер арасында өтө турган республикалык Куран жарыштын тандоо туру болуп, 30 пара, 20 пара, 10 пара жана кооз үн боюнча конкурс өтүп, жеңүүчүлөр тандалып алынды.

Куран жарышка Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов жана казыят кызматкерлери жана катышуучулардын ата-энелери катышты. Калыстар тобунда Муратали кары Мамадияр уулу, Улук кары Эрмеков, Элмурад кары Умаров, Мирислан кары Абдиевдер болушту.

Шаар боюнча жалпы 60 дан ашуун кыз-келиндер катышып, алардын ичинен татыктуулары жеңүүчү аталып, республикалык Куран жарышка жолдомо алышты.

10 парадан – Артыкова Умида;

20 парадан – Мадрахимова Бумайрам;

30 парадан – Дадажанова Умида;

Кооз окуу боюнча – Исамитдинова Махмудахан.

Айта кетсек, жолдомо алган жеңүүчүлөр Бишкек шаарында боло турган республикалык Куран жарышка катышат.