Абибилла ажы Кадырбердиев: «ДОЖ студенттеринин эл менен тыгыз иштешип кетүүсүнө шарт түзөлү»

Бүгүн, 29-июль күнү Ош облусунун аймагындагы КМДБнын курамына кирген диний окуу жайлардын жетекчилерине жыйын өткөрүлүп, Азирети Муфтийдин №247 буйругунун негизинде жаңы окуу жылына карата ДОЖдордо бир айда эки жолу «Мамлекеттүүлүк, мамлекеттик түзүлүш, мекенчилдик, мамлекеттик символикаларга, инсандык өз ара мамилелерге, адам укуктарына сый мамиле жасоо, улуттук баалуулуктарды көздүн карегиндей сактоо, табиятка аяр мамиле жасоо, социалдык тармактарды фитнага жол бербей ырааттуу пайдалануу, нарктуулук жана элдик тарбия, экстремизмдин зыяндары, бөлүнүп жарылуунун кесепеттери, мамлекеттик баалуулуктар, адеп-ахлак» ж.б.у.с. тематикалардын алкагында сабактарды уюштуруу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

«ДОЖ студенттерине улуттук наркты үйрөтүү менен эл менен тыгыз иштешип кетүүсүнө шарт түзгөн болобуз. Улуттук баалуулуктарды жакшы билген дин кызматкери каада-салт менен динди каршы койбостон, экөөсүн айкалыштырып, элди ынтымакка чакырган мыкты адис болуп жетилет. Керек болсо медреселерге Манас таануу сабагын киргизүү керек. Манас эпосунда динге байланышкан ыр саптар менен кошо патриоттуулукка үндөгөн, калктын маданиятын, үрп-адат жана каада-салтын камтыган баалуулуктар арбын. Албетте бул маалыматтар ДОЖ студенттерине пайдалуу болот деп ишенемин. Ошондой эле, диний билим алып жаткан студенттин дүйнө таанымы кең болсо, динди элге жеткиликтүү түшүндүрүп бере алат. Шариятта дагы жергиликтүү элдин үрп-адаттарын эске алуу каралган», – деди облус мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.

Ал эми казынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков облус аймагындагы диний окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү акыйда сабагы боюнча сынактарда жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтө албагандыгын айтып, жаңы окуу жылында акыйда сабагына да көңүл буруу керектигин эскертип өттү.

Жыйындын жүрүшүндө облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев жаңы окуу жылынан баштап, диний окуу жайлардын студенттери арасында диний интеллектуалдык таймаштарды өткөрүү, мугалимдер арасында тажрыйба алмашуу иштерин жүргүзүү керектигин белгиледи.

«Диний окуу жайлардын студенттер арасында фикх, хадис, акыйда ж.б. сабактардан интеллектуалдык таймаштарды өткөрүп, алардын илим алууга кызыгуусун арттыруубуз керек. Ошондой эле ар бир окуу жайдагы мыкты мугалимдерди тажрыйба алмашуу максатында башка окуу жайларда дагы сабак берүүсү аркылуу студенттердин да арасында биримдикти күчөтүү керек», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.