Азирети Муфтий Мисирде окуп жаткан студенттер менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Мисирге жасаган сапарынын алкагында аталган өлкөдө диний билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Азирети Муфтий студенттердин окууларына ийгиликтерди каалап, акыл-насаатын айтты: «Сиздер жаштыгыңыздарды илим жолуна арнаган инсансыздар. Пайгамбарыбызга мураскор болуу жолундагы сапарыңыздар байсалдуу болсун. Жаратканым сиздерге Мекенге кайтканда динге мээнет, элге эмгек кылууну насип кылсын».

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров өз сөзүндө салттуу ислам баалуулуктарын, ханафилик-матуридиликтин артыкчылыктарын айтып, болочок аалымдарды ар кандай агымдарга кирип, жамааттарга бөлүнүп кетүүдөн сактануу зарылдыгын белгиледи.

Ал эми муфтияттын фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев ислам илимдери жана методологиясы боюнча сөз кылып, заманбап маселелер жана фатва усулу боюнча кеп козгоду.

Эскерте кетсек, Азирети Муфтий баштаган делегация Каирде өтүп жаткан «Тездик менен өнүгүп жаткан ааламда адеп-ахлакты өнүктүрүүдөгү фатванын орду» аттуу эл аралык конференцияга катышуу үчүн Мисирге илимий сапар менен барган. Илимий конференцияда жасалма интеллект жана анын шарияттык илимдерде колдонулушу; фатва жана чакырыктар: тездик менен өнүгүп бараткан дүйнөдө адеп-ахлакты бекемдөө процессиндеги тоскоолдуктар жана кыйынчылыктар; социалдык тармактардагы экстремисттик мазмундагы материалдарга каршы эффективдүү күрөш боюнча докладдар окулуп, талкууга алынган.