Жунус ажы Исмаилов курулушу бүткөн үч кабаттуу «Абак кары» мечити менен таанышты

Сузак районун баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов Сузак айыл өкмөтүнө караштуу «Абак кары» мечитин зыярат кылып, жамааты менен жолугушту. Баш имам-хатиб жергиликтүү элдин кайрылуусунун негизинде жума мечит статусун алууга болор-болбосун жеринен барып көрдү.

Жолугушууда баш имам-хатиб Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин тиешелүү токтомдорун жана КМДБ жетекчилигинин буйруктарын тааныштырып, аларды ишке ашырууга жергиликтүү жамаатты имамга жардам берүүгө чакырды. Ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи тарабынан көзөмөлгө алынып жаткан салттуу ислам динин жайылтуу жана терс агымдардын алдын алуу боюнча баяндама жасалды.

Иш сапардын алкагында Жунус ажы Исмаилов курулуп бүткөн үч кабаттуу «Абак кары» мечитинин ички жана тышкы курулуштары менен таанышып, жардам берген бардык инсандарга жана курган усталарга дубасын берди.

Эскерте кетсек, мечит 1000-1200 орундуу болуп бүткөрүлгөн.