Ош шаары: Азанчылар окутулат

Бүгүн, 31-июль күнү Ош шаардык мусулмандарынын казыятында жалпы мечит азанчыларына жыйын өткөрүлүп, азанчыларды окутуу жараяны башталарын айтты.

Ош шаарындагы жалпы мечиттердин азанчыларынын диний сабаттуулугун жогорулатуу максатында окутуу иштери жүргүзүлөт. Аларга атайын “Азан жана азанчы” атуу китепче даярдалып жатат. Китепте азандын тарыхы, беш убак намаздын убактылары, азандын сөздүк маанилери, дубалары камтылат», – деди казыяттын мечиттер боюнча куратору Мустафа ажы Абдиев.

Ао ошондой эле азанчылар 2 топко бөлүнүп, араб тилинде окуганды билгендерге казыят кызматкерлери өзүнчө сабак берерин айтты. Мындан сырткары программа боюнча өтүлгөн сабактарга толук катышып, азанды туура жана так айтууга жетишкен азанчыларга казыят тарабынан атайын сертификат бериле турганын кабарлады.