Чүй: Имамдарга кезектеги жыйын өткөрүлүп, протоколдук тапшырмалар берилди

Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын маданият үйүндө Азирети Муфтийдин орун басары Асан ажы Сыргабаев баштаган муфтият кызматкерлери жана Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдул-Азиз ажы Чыныбеков жетектеген аймактагы дин кызматкерлеринин катышуусунда жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга Москва, Жайыл, Панфилов, Кемин райондорунун жана Кара-Балта шаарынын имамдары чакырылды. Иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кенешинин №1, №2,№3, №4 протоколдук чечимдерин жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети  Муфтийинин №237 буйругун аткаруу максатында уюштурулду.

Ага ылайык КМДБнын уставынынын негизинде иш алып баруу, салттуу ислам эсептелген ханафилик-матуридиликти жеткиликтүү жайылтуу, тийиштүү Концепцияларды аткарууга катышуу, кийим-кече, кебете-кешпир боюнча иш алып баруу, экстремисттик идеялардын жайылышына жол бербөө, салттуу эмес агымдардын радикалдуу көз караштарынын жайылышына жолтоо болуу, илимге жана фактыга негизделген баяндарды жасоо, Сириядан алынып келинген жарандарга салттуу ислам негизин жеткирүү аркылуу реабилитацияланышына көмөкчү болуу, мечиттерде мекенчилдик, улутмандык жана мамлекеттүүлүк жөнүндөгү баяндарды байма-бай жасоо, ДОЖдордо дал ушул багыттагы предметтердин көлөмүн көбөйтүү, диний агартууга басым жасоо боюнча тапшырмалар берилип, милдеттер жүктөлдү.