Чүй облусунда баш имам-хатибдердин айлык жыйыны болуп өттү

Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы «Хадижа» мечитинде Чүй облусунун баш имам-хатибдерине айлык жыйын болуп өттү. Жыйынды Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдул-Азиз ажы Чыныбеков алып барды.

Куран окуу менен башталган иш-чарада төмөнкү тапшырмалар берилди:

— Имамдар өздөрүнө билимдүү орун басарларды дайындасын;

— Жума окулган мечиттердин имамдары ар бир жума хутбасына жеткилең даярдансын;

— Ар бир райондо экстремизмге каршы иш алып барылсын.

Облус мусулмандарынын казысы өз сөзүндө башка учурларга караганда азыр диний агартууга көбүрөөк муктаждык бар экенин билдирип, пайгамбар (с.а.в.) аманаты болгон исламды туура нукта жеткирүү зарылдыгына токтолду.