Олимпиада – 2024: Азирети Муфтий өлкө намысын коргоп жаткан спортчулар үчүн дуба кылды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Франциянын борбор шаары Парижде өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында өлкө намысын коргоп жаткан кыргызстандык спортчулар үчүн дуба кылды.

«Эгемендүү мамлекетибиздин намысын коргоп, туусун көтөрүү үчүн олимпиадага аттанган спортчуларыбызга ак бата берип, дайыма дуба кылып турабыз. Алла Таалам уул-кыздарыбызга күч-кубат берсин. Албетте олимпиадага катышуунун өзү жетишкендик. Жаратканым балбандарыбызга ийгилик ыроолоп, өлкөбүздүн туусун бийиктерде желбиретишти насип кылсын», – деди Азирети Муфтий.

КМДБ жетекчиси өлкө аймагындагы 1482 жума мечиттинде спортчулар үчүн дуба кылынарын, бул боюнча тапшырма берилгенин кошумчалады.

Айта кетсек, Парижде старт алган XXXIII жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан 16 спортчу аттанып кеткен.