Мурдагы Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин атасынын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров көңүл айтты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган КМДБ жамааты мурдагы Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин атасы Адираев Токтомуштун дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты.

Урматтуу Максатбек ажы! Атаңыздын  дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу чын көңүлүмдөн көңүл айтамын. Сабыр кылыңыз! Алла Таалам сизге күч-кубат берсин. Жараткан Алла Таала маркум Токтомуш  атабызды Өз ырайымына алып, Бейиш бакчаларын насип кылсын.

“Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35).

“Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын эмгек жамаатынын атынан сизге, үй-бүлөңүзгө жана тууган-уругуңузга терең кайгыруу менен көңүл айтам жана кайгыңыздарды тең бөлүшөм.

 

Терең кайгыруу менен көңүл айткан,

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров

ЖАНАЗА ЭРТЕҢ, 3-АВГУСТТА СААТ 11:00 КАРА-КУЛЖА АЙЫЛЫНДА ОКУЛАТ.