Баткенде заманбап медресе ишке берилди

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн «Какыр» айылында заманбап шарты менен курулган “Жусуп Баласагын” атындагы медресе ишке берилди. Медресенин ачылышына Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров, дин кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ар тараптан келген коноктор катышты.

Ачылыш азем Аллахтын сөзү Ыйык Куран окуу менен башталды. Андан соң Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров “Жусуп Баласагын” атындагы бул медресе Аллахтын китеби Куран нурун жайылткан, кыргыз элине ыймандуу жаштарды тарбия кылуучу окуу жайы болуусун тилеп өттү.

Саамалыкка катышкан дин кызматкерлери менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана келген коноктор өздөрүнүн белектерин тапшырып, медресе келечегине жакшы каалоо тилектерин билдиришти.

Белгилей кетсек, аталган медресе «Ас Салам» кайрымдуулук фондунун жана жергиликтүү элдин каржылоосу менен курулган. 50 орунга ылайыкташкан диний окуу жайда бардык шарттар каралган. Медресеге тиешелүү бардык иш кагаздары бүткөрүлүп, эсептик каттоодон өткөн жана жаңы окуу жылынан тарта өз ишин баштайт.