Жалал-Абадда аялдар арасында Куран жарышы өткөрүлдү

Бүгүн, 5-августта Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыятында Азирети Муфтийдин №244 буйругуна ылайык кыз-келиндер арасында Куран Карим боюнча сынак уюштурулду. Сынакка жалпы 40 катышуучу катышып, кыз-келиндер Курандын 10 парасы жана тажуид эрежеси менен кооз окуу түрү боюнча таймашты.

Натыйжада Куран Каримдин 10 парасынан Насиба Муратали кызы калыстар тарабынан жеңүүчү деп табылып, 1-орунга ээ болду. Ал эми Куранды тажвид эрежеси менен кооз окууда Умүт Абдимитал кызы 1-орунду ээледи.

Жеңүүчүлөр Бишкек шаарындагы “Имам Сарахсий” мечитинде өтө турчу республикалык Куран жарышына жолдомо алышты.