Ош облусунда имамдар арасында атайын мелдеш жарыяланды

Ош облустук казыяты тарабынан райондук хатибияттар менен биргеликте облус аймагындагы мечиттердин абалын жакшыртуу жана имамдардын эл менен иштешүү жөндөмүн арттыруу максатында имамдар арасында мелдеш жарыяланды.

Мелдешке катышуучу ар бир мечит имамына мелдештин жобосунда көрсөтүлгөн критерийлер боюнча маалымат берилди.

«Сандан сапатка өтө турган учур келди. Кудайга шүгүр, өлкөбүздөгү дин эркиндиги менен көптөгөн мечиттер салынды. Бирок мечитти салынып, дааратканасы жок эле курулушу токтоп калган жерлер бар. Ошондой эле, кыйынчылык учурда ашар жолу менен салынган эски мечиттер бүгүнкү күндө начар абалда турат. Ошол себептен улам, облус аймагындагы айылдык мечиттердин абалын жакшыртуу максатында имамдар арасында атайын мелдеш бүгүндөн баштап расмий жарыяланды. Биздин максатыбыз айылдык мечиттердин абалын жакшыртуу болгондугу үчүн шаардык, райондук борбордук мечиттер катыша алышпайт. Ошондой эле, айылдык мечит болуп, мелдештин жобосунда көрсөтүлгөн талаптардын 70 пайызы же андан көбү табылса, ал да катыша албайт. Алар боюнча райондун баш имам-хатибдери тактап беришти. Талаптарды аткаруу үчүн имамдарга декабрь айына чейин мөөнөт берилет. Жыйынтыгында ар бир райондо өзүнчө жеңүүчүлөр аныкталып, 1-орунга умрага жолдомо, калган орундарга да кызыктыруучу белектер бериле турган болууда. Буйруса имамдарыбыз активдүү катышат деп ишенебиз», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.

Аталган мелдештин жобосуна ылайык, айылдык мечиттердин абалын жакшыртуу максаты ишке ашат жана ар бир райондон биринчи орун алган имамдар умра сапарына жолдомого ээ болот.

Ошондой эле, Казыят мечиттердин абалын жакшыртуу боюнча жергиликтүү демөөрчүлөрдү колдоо көрсөтүүгө чакырат.

«Урматтуу мусулман бир туугандар! Жергиликтүү берешен ага-инилер, сиздерди облус боюнча айылдык мечиттердин абалын жакшыртуу боюнча мелдеште имамдарыбызга колдон келишинче ар тараптан колдоо көрсөтүүгө чакырабыз. Мечитти эч ким көтөрүп кетпейт, айылыңыздын тургундары ыңгайлуу шарттарда ибадат кылуусуна себепчи болуңуздар!» – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.