Ош облусу: Республикалык Куран жарышына баруучулар аныкталды

Бүгүн, 6-август күнү Ош облустук мусулмандарынын казыяты Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун №244 буйругун аткаруу максатында облус аймагындагы Куранды жатка билген кыз-келиндер арасында тандоо турун өткөрдү.

Мелдешке Курандын толук 30 пара боюнча 8 адам, 20 пара боюнча 5 адам, 10 пара боюнча 18 адам, кооз окуу боюнча 30 адам катышып, жеңүүчүлөргө 5-орунга чейин казыят тарабынан сертификат жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ал эми биринчи орунду алгандарга сертификат жана Республикалык Куран жарышына катышуу жолдомосу тапшырылды.

Абдусами кары Бегмуратов баштаган калыстар тобунун чечими менен Ош облусунун атынан Республикалык Куран жарышына баруучулар:

Закирова Муаззам – 30 пара боюнча;

Азимова Мукаррам – 20 пара боюнча;

Рахматуллаева Рукия – 10 пара боюнча;

Мирзаева Мохизодабегим – кооз окуу боюнча.

«Куран жаттоо канчалык кыйын болсо, аны эсте сактап жүрүү андан да кыйын. Ошондуктан Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы Куранды жатка билген кыз-келиндердин  кайталап, бекемдеп алуусуна себепчи болуу үчүн Куран жарышын өткөрүп келет. Биз да Республикалык Куран жарышына мыктыларды тандап алууга аракет кылып, ачык мелдеш өткөрүп, жеңүүчүлөрүнө жолдомо бердик», – деди облус казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков.