Кара-Сууда «Улуттук наркты сактоодо аял, мамлекет жана дин» аталышында семинар өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Кара-Суу райондук маданият үйүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен бекитилген «2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өркүндөтүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу» иш-чаралар планынын 6-10-11-пунктарын аткаруу максатында, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин №2 токтомун, КМДБнын №237 буйругун жана казыяттын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен түзгөн беш тараптуу иш-планынын негизинде жалпы айымдар үчүн «Улуттук наркты сактоодо аял, мамлекет жана дин» аталышында семинар өткөрүлдү.

Аталган семинарда Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, теолог Майрам Исабаева жана Камола Розиевалар улуттук наркты сактоо жана өркүндөтүү мамлекеттик символдорду сыйлоо, жаран катары мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүнө салып кошуу, өлкөдөгү дин эркиндигин тууралуу пайдалануу жана диндеги аша чабуулардын алдын алуу боюнча баяндама жасашты.

«Ар ким өз ишин мыкты аткаруусу менен мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүнө салым кошкон болот. Учурда өлкөбүздөгү дин эркиндигин туура пайдалануу керек. Диний билим алууну каалоочуларды жашыруун үйлөрдө эмес, мыйзамдуу түрдө иш алып барып жаткан диний окуу жайларга барууга чакырабыз. Кудайга шүгүр диний окуу жайлар, мечиттерибиз жетиштүү. Эч ким ибадат кылууңузга тоскоол болбойт. Буга шүгүр кылып, кадырын билели. Анткени Аллах Таала Куранда: «Эгер шүгүр кылсаңар силерге жакшылыктарымды көбөйтөмүн» деген. Ошондой эле, динди элге түшүндүрүүдө жек көрсөтүп албоо үчүн, сөз чеберчилине жана кийимге да маани берүү зарыл», – деди облус казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков.