Сонун жаңылык: «Аалым Чубак ажы» атындагы ислам институту курулууда

Бүгүн, 9-август күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Барпы айылында “Аалым Чубак ажы” атындагы мечиттин жанында жаңыдан салынып жаткан ислам институтунун курулуш иштери менен таанышуу үчүн Дин иштери боюнча мамлекеттик коммисиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, Азирети Муфтийдин орун басары Асан ажы Сыргабаев, Кыргызстан Ислам университетинин ректору, АК мүчөсү Абдишүкүр ажы Нарматовдор аталган айылга барышты.

Абдишүкүр ажы Нарматов жергиликтүү эл менен жолугушууда жума кутпасын өттү.

Андан кийин мечиттин имамы Арзымат ажы конокторго мечиттин жанында курулуп жаткан диний окуу жайдын курулуш иштерин тааныштырды. Институттун тийиштүү документтери бүтүп, курулуш иштери август айынын акырына чейин соңуна чыгып, медресе сентябрь айында ишке берилери айтылды.

Келген коноктор маркум Чубак ажы Жалиловдун арабагын сыйлап, анын атынан мечит жана медресе куруп ишке берип жаткан демөөрчүлөргө жана бул ишке салымын кошкондордун баарына ыраазылыгын билдирип, дуба кылышты.