Баткен облусунун казысы Чет-Кызыл айылынын жашоочулары менен жолугушту

Кечээ, 9-август күнү Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров жетектеген казыят кызматкерлери Баткен районунун Чет-Кызыл айылындагы «Имам Аззам» мечитинде айыл жашоочулары менен жолугушту.

Элеттиктер менен болгон жолугушууда облус казысы алгач жергиликтүү тургундардын кайрылуусу менен бул мечитке жума намазын окууга уруксат берилгендигин айтып, мындан ары мечитти жандандырууга чакырды.

Андан соң нике жана үй-бүлө; үй-бүлө баалуулуктары, эркектин жана аялзатынын орду, милдети; үй-бүлөнү бекем сактоонун жолдору; ажырашуунун зыяны тууралуу баяндама жасады.